Бүгүн, 30-август күнү Чолпон-Атада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата калыстардын квалификациясын жогорулатуу максатында окуу жыйыны болуп өттү. Бул боюнча Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов төмөнкүлөргө токтолду:
“V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча калыстык кыла турган калыстардын квалификациясын жогорулатуу максатында эл аралык семинар өттү. Семинарды КРнын Көк бөрү федерациясы улуттук борбор менен биргеликте өткөрүштү. Катышуучулар бизден Көчмөндөргө бара турган бардык калыстар жана Казакстандагы калыстар корпусунун төрагасы Гани Ахметбаев, Казакстандагы калыстар корпусунун тажрыйбалуу калысы Аслан Кабжанов катышты. Семинар жалпысынан жакшы өттү. Көчмөндөр оюндарында көк бөрү ойноло турган талаа негизи кокпарга ылайыкталып жасалган талаа, экөөндө бир аз айырмачылыктар бар. Биз ошолордун баарын жалпылап өттүк. Бардык эрежелерди туура чечмелөө, баарыбыз бир ойдо болуу үчүн аябай жакшы иш болду. Аягында сертификаттар тапшырылды”.