Loading...

Көчмөндөр оюндары: чүчү кулак тартылды

5-ДКО оюндарынын алкагында көк бөрү жана жер улак боюнча катышуучу командалардын чүчү кулактары тартылды. Алгач жер улак боюнча атаандаштарды тандоодо уюштуруучу тарап катышуучу командалардын көптүгүнөн оюндар олимп системасы менен өтөөрүн маалымдады. Натыйжада так сандууларга:

-              1) Казакстан

-              3) Өзбекстан

-              5) Кытай

-              7) Орусия

-              9) АКШ командалары туш келип, бул командалар ич ара жеңилгенче ойноп чыгышмакчы. Ошол эле учурда жуп сандуулар өз ичинде ич ара оюн курушмакчы жана аларга:

-              2) Кыргызстан

-              4) Монголия

-              6) Венгрия

-              8) Түркия командалары туш келди.

 

Мындан башка бүгүн көкбөрү спорту боюнча дагы катышуучу командалар өз тайпаларына бөлүнүштү. Анда:

“А” тайпасы:

Казакстан

АКШ

Түркия

“В” тайпасында:

Кыргызстан

Өзбекстан

Орусия командалары туш келди.

Белгилей кетсек, командалардын алгачкы оюндары 9-сентябрь башталып, оюндар 12-сентябрь жыйынтыкталмакчы.

2024-09-09 00:21:00
Комментарийлер (2)
yryskeldisagynbekov8344l@gmail.comyry
09:45 09-09-2024
кыргзстан алга чемпион утрк тартабы бугун
Эргешбай уулу Женишбек
03:11 09-09-2024
ордо оюнунун курамын кайдан корсок болот

Биздин партнерлер