Loading...

Жер улак: Кыргыз курамасы алгачкы жеңишин камсыздады

Бүгүн, 9-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы жер улак жана көк бөрү боюнча оюндар башталды. Жер улак боюнча мелдешке жалпы 9 команда катышууда. Турнирдин агачкы оюну Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда жүрүп, 16:0 эсебинде Казакстан жеңишке жетишти. 

Жер улак боюнча экинчи оюнда Орусия 4:1 эсебинде Кытай курамасын утуп алды. 

Жер улак боюнча үчүнчү оюнда Кыргыз курама командасы Монголия курама командасы менен кез келип, 16:0 эсебинде алгачкы женишин ишенимдүү камсыздады. 

Ал эми төртүнчү болуп Түркия менен Венгрия беттешти. 1:0 эсебинде Түркия жеңишке жетишти. 

Алгачкы оюндарында жеңишке жетишкен Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Түркия кийинки баскычты көздөй бет алышты. 

 

 

2024-09-09 18:47:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер