Бүгүн, 11-сентябрь Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана жер улак боюнча финалга чыгуу үчүн болгон оюндар орун алды.
Алгач жер улак боюнча жарым финалда Казакстан Орусия беттешип 18:2 эсеби менен Казакстан курама командасы жеңишти камсыздап финалга сапар алды. Эртең, 12-сентябрда Кыргыз курама командасы менен финалда кездешет.
Ал эми көк бөрү боюнча финалга чыгуу үчүн алгач Казакстан - Түркия командалары беттешти. Оюн 15:1 эсеби менен Казакстандын пайдасына жыйынтыкталып, финалга чыкты. Андан соң Кыргызстан - Орусия курамалары кез келип, 11:6 эсеби менен Кыргыз курама командасы жеңишке жетишти.
Көк бөрүдөн да жер улактан да 1-орун үчүн Кыргызстан - Казакстан курамалары беттешсе, 3-орун үчүн эки жактан тең Орусия - Түркия командалары кездешет.