Loading...

Кыргызстан - Казакстан: Финалдык беттеш нааразычылык менен коштолду

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстан - Казакстандын ортосундагы жер улак боюнча финалдык оюн Казанат ат майданында болуп өттү. Биринчи таймда Кыргызстандын командасы 3:1 эсеби менен үстөмдүк кылып турду. Эсеп 3:1 болгондон кийин казак оюнчусу Улан Байтөрөев кыргыз оюнчусу Кубанычбек Султан уулун эки жолу камчылап жиберди, аны улай кыргыз оюнчуларына үстөмдүк болуп, оюн токтотулду. 30 мүнөткө созулган талаш-тартыш орун алды. Калыс эреже бузган оюнчуну 2 мүнөткө гана айып аянтчасына кетирип, оюн кайрадан улантылды. Оюн улангандан кийин калыс Кыргызстандын оюнчуларына жетиштүү деңгээлде ойноого мүмкүнчүлүк берген жок. Атап айтканда, эки оюнчу ортого чыгып беттеше турган учурда калыс казак оюнчусуна улакты бастырып туруп, анан оюнду жалгаштыруу үчүн ышкырып жатты. Эгерде кыргыз оюнчусу биринчи болуп улакты алса, аны кайрадан ортого таштатып, ортодогу беттешти кайрадан баштоого буйруп жатты. Эми бул мисалга алынган бир эле учур. Дал ушундай жагдайда эсеп сандары теңелип, 3:4 абалына келип, Казакстан алдыга чыкты, акыркы секунддарда кыргыз көк бөрүчүсү Өмүрбек Эсен уулу эсеп санын 4:4 кылып теңеп кетти. Негизги убакыт 4:4 эсеби менен аяктап, кошумча 10 мүнөт берилди. Кошумча убакта казак оюнчусу ышкырыкка чейин улакты көтөрсө дагы оюн улантылды, салым ишке ашты.  5:4 эсебинде Казакстан жеңишке жетишти.

Ал эми 3-орун үчүн Орусия менен Түркия беттешти. Орусия курамасы 8:2 эсебинде Түркияны жеңип 3-орунду ээледи

2024-09-12 19:56:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер