Loading...

Кыргыз курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болду

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери аяктады.

Финалда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары таймашып, кыргыз көк бөрүчүлөрү 10:4 эсебинде  жеңишти камсыздады.

Кыргыз көк бөрүчүлөр биринчи бөлүктө тай казанга беш улак салса, казак тарап бир улак таштаганга жетишти. Экинчи бөлүктө эсеп 8:3 болсо, үчүнчү айлампада кыргыз көк бөрүчүлөрү дагы эки улак салды. Оюн бүтөрүнө аз калганда казак оюнчусуна бир улак салууга мүмкүнчүлүк беришип, мелдеш 10:4 эсеби менен аяктады.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы ушуну менен Көчмөндөр оюндарында бешинчи жолу чемпион болду.

Ал эми көк бөрү боюнча 3-орун үчүн Орусия менен Түркия курама командалары беттешип, 12:4 эсебинде Орусиянын курамасы 3-орунду камсыздады. Муну менен Орусия көк бөрүдөн да, жер улактан да коло байгени капчыкка салды.

2024-09-12 21:51:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер