Loading...

Көкпар боюнча Казакстан менен Кыргызстандын курама командаларынын финалында 14 одоно эреже бузуу аныкталды

Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосундагы финалдык оюнунун кайталоосун көкбөрү федерациясынын эксперттери деталдуу карап, Казакстандын Акылбек Кымызбаев баштаган калыстар тобу тарабынан олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. 

Оюн толугу менен Казакстан курама командасынын оюнчуларынын орой эреже бузуулары менен коштолуп, спортчулардын жүрүм-туруму жана агрессия менен коштолгон. Калыстар тобунун оюндагы жекме-жекенин эрежелерин системалуу түрдө этибарга албоосу Казакстандын курама командасынын үч салымына алып келди.

Эреже бузууларды видео кайталоо аркылуу көрүүгө уюштуруучулардын баш тартуусунда айрым эпизоддорго протест көрсөтүүгө мүмкүн болбой калды. Алсак Кыргыз курама командасынын таштап кеткен салымдарына жана Көкпар оюнунун эрежеси боюнча эсептелбей турган Казакстан курама командасынын салымдарына да тиешелүү.

Калыстар тобу Казакстандын оюнчусу Улан Байтореевдин агрессивдүү жана адепсиз жүрүм-турумуна 2 мүнөткө гана жаза мамыга четтеткени өзгөчө нааразычылыкты жаратат. Копар эрежесинде одоно тартип бузган оюнчу 5 мүнөттүк айыпка чыгышы керек эле, ал эми үч жолу эскертүү берилген учурда оюндун аягына чейин чыгарып салуу каралган.

Көк Бөрү федерациясынын эксперттери беттешти деталдуу карап чыккандан кийин 20дан кем эмес эреже бузууну аныкташкан, алардын 14ү одоно бузуу болгонун билдирет.

 

 

2024-09-16 22:29:00
Комментарийлер (1)
Дастан Туратбеков
10:36 18-09-2024
Ошондо ошол 14 одоно эреже бузуу казактар тарабынан болдубу? Же бул санга биздикилердики да кирип калабы?

Биздин партнерлер