Loading...

Кыргызстан Казакстандын курама командасын Биримдик кубогуна чакырды

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын Көкпар жана Көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган "Биримдик Кубогуна" чакырды. Көк бөрү федерациясы кыргыз жана казак элдеринин достугун чыңдоого умтулгандыгын жана эки элдин чыныгы байлыгы жана улуу көчмөндөрдүн мурасы болгон спортту мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирет.

Эскерте кетсек ушул жылдын 8-сентябрында Бүткүл дүйнөлүк Кокпар ассоциациясы менен Эл аралык Көк Бөрү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Анда тараптар клубдар, ошондой эле эки ассоциациянын мүчөлөрү болуп саналган курама командалардын ортосунда эл аралык жолугушууларды тийиштүү түрдө өткөрүүгө макул болушкан. Алдыдагы турнир жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун биринчи этабы болмокчу.

Учурда Көк бөрү федерациясы Казакстандын Көкпар федерациясына расмий чакыруусун жөнөттү. Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы мындай турнирлерди тез-тез өткөрүп туруу бардык пайда болгон пикир келишпестиктерди жоюуга жана федерациялар ортосунда 8 жылдан бери жоголгон достук мамилелерди калыбына келтирүүгө жардам берет деп эсептейт.

2024-09-16 22:42:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер