Loading...

Көк бөрү федерациясы маалымат жыйын өткөрдү

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү жана жер улак спортторунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Маалымат жыйынга Көк бөрү федерациясынын президенти Джунусалиев Рамис Майрамбекович жана Көк бөрү федерациясынын эксперти Кудайбергенов Рамис Атанбекович катышып, массалык маалымат өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Кудайбергенов Рамис өз сөзүндө оюн баштан-аяк эреже бузуу менен коштолгонун белгилеп өттү:

“Оюнда старттык чийинден баштап эреже бузуу өтө көп болду, топтун ичиндеги тизгинден кармоо, камчы салуу, мунун баарын эске албаганда, андан тышкары 14 чоң одоно эреже бузууну видеодон далили менен көрдүк. 2 мүнөттүн ичинде 4 жолу одоно эреже бузулду. Анын үчөөсүн бир оюнчу бузду. Көкпардын эрежеси боюнча мындай оюнчу кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилиши керек болчу. Мунун баарын көрүп туруп оюнду кайрадан улантканга макул болгонубуз үчүн бизди көпчүлүк айыптап жатат. Эки мамлекеттин биримдиги, кошуна элдин ынтымагы үчүн бир оюн эч нерсеге арзыбайт. Конок болуп келгенден кийин уюштуруучу тарапка сыйлабастык бобосун, элдин биримдиги үчүн деп биз акылдашып туруп оюнду уланттык”.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын президенти Джунусалиев Рамис эки элдин ынтымагы үчүн бардык кадамга барууга даяр экенин билдирди:

“Эки жылдын ичинде казак көкпар федерациясы менен көптөгөн жолугушууларды өткөрдүк. Эки федерациянын ортосунда көптөгөн иш пландар бар. Финалдык оюн үчүн биз бардык федерацияны күнөөлөбөйбүз. Калыстардан, машыктыруу, оюнчулардан катачылыктар кетти. Көкпар федерациясы менен кызматташууга ачыкпыз. Биз 1-ноябрга көк бөрү жана көкпар боюнча биримдик кубогуна чакырып расмий кат жолдодук. Бул оюн, спорт, эки элдин ортосунда ар кандай туура эмес ой-пикирлер болбошу керек. Эки элдин ынтымагы үчүн биз бардык кадамга даярбыз”. 

2024-09-16 12:31:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер