Loading...

Республикалык муундар аралык кубок өтөт

Кулактандыруу!

3-10-ноябрь күндөрү көк бөрү федерациясы Кыргызстандын муундар арасында Республикалык кубок өткөрөт. Кубокко 1985-жылдан 2004-жыл ичинде төрөлгөн оюнчулар катыша алат.

Турнирдин жобосуна ылайык:

- Оюнчулар өздөрүнө таандык муундар менен гана команда курайт.

- Командада ар бир облустан муун өкүлдөрү болуусу шарт.

- Оюнчунун командадагы муун жылы менен туулган жылы шайкеш келбей калган учурда, мектепти бүтүргөн аттестатын көрсөтүүгө милдеттүү.

- Турнирге 2024-жылы Кыргызстан курама командасына кирген аттар киргизилбейт.

- Турнирге катышуучу командалар федерация тарабынан аныкталган кирүү акысын (взнос) 50 миң сом төлөөгө милдеттүү.

- Взностон чогулган каражат турнир уюштурууга (калыс жана текелерге) ошондой эле оюн экипировкаларына жумшалат.

- Байге фондусу Көк бөрү федерациясынан взностон тышкары каржыланат.

 

Буга кошумча бул күндөрү 40 жаштан жогоруларга Легендалар лигасы үчүн өзүнчө турнир уюштурулат. Ардагерлер лигасына катышуучу командаларга чек коюлбайт.

 

Урматтуу Кыргызстандагы муун өкүлдөрү!

Алдыдагы турнир федерация тарабынан биринчи жолу өткөрүлүп жатканына карабастан, командалар активдүү катышып берет деген үмүттөбүз.

 

Муундар аралык Республикалык кубок Чүй облусунун, Сокулук районуна караштуу, Военно-Антоновка айылындагы “Ак-Кула” ат майданында ушул жылдын 3-ноябрдан 10-ноябрь күндөрү өтөт.

 

Сурап билүү телефондору: 0559 94 39 99 Жайлымышов Рамиз

2024-10-03 18:27:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер