Loading...

Таласта райондор аралык мелдеш болуп өттү

Таластагы Райкан Алканов ат майданында 9-11-октябрь аралыгында Талас облусунун 80 жылдыгына арналган улуттук ат оюндары, көк бөрү боюнча райондор аралык мелдеш болуп өттү. Ага жалпы 10 команда катышты. Алар: Талас району-1, Сузак району (Шахтёр), Сокулук району, Жайыл району, Талас шаары, Талас району-2, Чүй-Токмок, Айтматов району, Бакай-Ата району, Манас району.

А тайпасы: Талас-1, Сузак-Шахтёр, Сокулук району

В тайпасы: Жайыл, Талас шаары, Талас району-2

С тайпасы: Чүй-Токмок, Айтматов, Манас району

Талас району финалда Айтматов районун 7:4 эсебинде утуп, Талас облусунун 80 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча турнирдин баш байгесин жеңип алды. Ал эми Талас районунун экинчи командасы Чүй-Токмокту 5:3 эсебинде жеңип 3-орунду ээледи.

Талас районунун оюнчусу Айдаркан уулу Эрсултан мелдештин мыкты оюнчусу аталса, Айтматов районунун оюнчусу Айдаркан Анарбеков минген Точка мыкты аргымак аталды.

Мелдештин жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан Таластан чыккан көк бөрүчүлөргө Талас облусунун ардактуу атуулу деген наам ыйгарылды.

 

2024-10-11 19:10:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер