Бүгүн, 4-ноябрь Республикалык муундар аралык мелдештин тайпа ичиндеги экинчи күндүк оюндары орун алды. Алгачкылардан болуп А тайпасындагы 1994-1991, 1992-1997 командалары беттешти. 2:0 эсебинде 1994 командасы 1991лерди жеңип алгачкы утушка ээ болушту. Ал эми 1992лер 1:0 эсебинде 197лерди утуп, тайпа ичиндеги экинчи жеңишин камсыздашты. Андан соң В тайпасындагы 1996-1999 командалары кез келип, 4:0 эсебинде 1996 жеңишке жетти. Кийинки оюнда 2002-2003 командалары беттешип, 10:2 эсебинде 2002лердин ишенимдүү жеңиши менен аяктады. Кезек С тайпасынан орун алган улуу муунга жетип, оюн талаасын 1987-1988 командалары чыкты. 3:0 эсебинде 1987лер командасы алгачкы жеңиш упайын өздөрүнө жазды. Ал эми 1985-1989 оюну 2:1 эсебинде, 1989дардын пайдасына аяктады. Бүгүн D тайпасы дагы катарга кошулду. 1995-1998 оюну 7:2 эсебинде аяктап, 1998дер алгачкы жеңишине ээ болушту. Ал эми 2000-2001 оюну 3:0 эсебинде 2000дердин пайдасына аяктады.