Республикалык муундар аралык мелдештин тайпа ичиндеги оюндары уланууда. Бүгүн, 6-ноябрда А тайпасындагы 1992 командасы 8:1 эсебинде 1991лерди утуп, катары менен үчүнчү жеңишин камсыздашты. Экинчи оюнда 1993төр 4:3 эсебинде 1994төрдү утуп алды. Үчүнчү оюнда 2002лер менен кезиге турган 1999дар оюн талаасына чыкпай, техникалык жеңилүү жазылды.
В тайпасындагы 2004 командасы 5:1 эсебинде 1996ларды утуп, кийинки баскычка өттү.
С тайпасындагы улуу муундан 1989дар 1988дерди 3:1 эсебинде оюн 89дардын пайдасына жыйынтыкталды. Андан соң 1986-1987 командалары кез келди. 5:0 эсебинде 1987лер жеңишке жетишип, үчүнчү жеңишин камсыздашты.
D тайпасынан 1998 командасы 4:3 эсебинде 2000дерди жеңип, жарым финалга жол алышты. Ал эми 1995-2001 командалары бул турнирдеги жыйынтыктоочу беттешин өткөрүп, 6:0 эсебинде 2001лер жеңишке жетишти.