Бүгүн 7-ноябрда Республикалык муундар аралык мелдештин тайпа ичиндеги чечүүчү оюндары болуп өттү. Алгач 1993-1997 командалары кездешип, 3:2 эсебинде 1993 командасы жеңишти камсыздады.
А тайпасынан 1992 менен беттеше турган 1994 командасы оюнга келбегендиктен техникалык жеңилүү жазылып, 12 упай менен 1992 жарым финалга жол алды. В тайпасынан 2003 командасы оюнга чыкпагандыктан техникалык жеңилүү берилип, 2004төр 12 упай менен жарым финалга жол алды. Ал эми 1996 командасы 6:2 эсеби менен 2002лерди утуп бул турнирдеги жүрүшүн жеңиш менен жыйынтыктады.
С тайпасынан 1987 2:0 эсеби менен 1989дарды утуп, 12 упай менен ишенимдүү жарым финалга жол алды.
1985-1986 оюну болгон жок. 1986лар оюнга чыкпагандыктан техникалык жеңилүү жазылды.
Кошумчалай кетсек, кечээ күнү D тайпасынан 1998 командасы 2000дерди утуп жарым финалга чыккан.
Жарым финалдык оюндар 9-ноябрда 11:00дө башталат. Мелдеш Военно-Антоновкадагы “Аккула” ат майданында өтүп жатат.