Республикалык муундар аралык мелдештин мыктылары аныкталды.
Бүгүн, 9-ноябрь күнү “Аккула” ат майданында жарым финалдык беттештер болуп өттү. Алгач оюн талаасында А тайпасынан чыккан 1992 жана В тайпасынан чыккан 2004 командалары кездешти. 4:2 эсебинде 1992лер жеңишке жетишип, финалга жол алышты. Ал эми С тайпасынан суурулуп чыккан 1987лер менен D тайпасынан чыккан 1998 командалары беттешинин негизги бөлүгү 3:3 менен аяктап, кошумча 10 мүнөттүк убакытта 1998 командасы 4-упайды өзүнө жазды. Муну менен финалда 1998-1992 командаларынын оюнуна күбө болобуз. Финалдык оюндар 10-ноябрда 11:00дө орун алат.