Кыргызстандын көкбөрү боюнча лигалык оюндарында Жогорку лигада эми 12 команда туруктуу катышат. Бул тууралуу чечим көкбөрү федерациясынын башкармалык мүчөлөрүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Федерациянын эксперти Каныбек Кубатов Жогорку лигадагы командалардын санын көбөйтүү менен клубдар арасында атаандаштык күчөй турганын, жылдан жылга клубдардын өнүгүү тенденциясы жакшы көрсөткүчтө келе жатканын айтып өттү. Ал ошондой эле 2017-жылы Жогорку лиганы 6 команда кылып бөлгөндөн бери, ылдыйкы лигадагы командалар арасында өсүү темпи жакшы болгонун, учурда Жогорку лиганын санын көбөйтүүгө кезек келгенин кошумчалады.
Жыйындын катышуучулары Жогорку лигага командалар рейтингге карап кошулаарын талкуулашып, лигалардын курамы төмөндөгүдөй болоорун аныкташты.
Жогорку лига:
1. Ынтымак
2. Сары-Өзөн
3. Достук
4. Намыс
5. Ийгилик
6. Талас
7. Мурас
8. Ысык-Ата
9. Кара-Кулжа
10. Алтын-Альянс
11. Улар
12. Ак-Илбирс
Биринчи лига:
1. Жети-Аке
2. Ак-Суу
3. Казарман
4. Толук
5. Кара-Балта
6. Четинди
7. Бакай-Ата
8. Манас-1
9. Бийиктик
10. Бүркүт
11. Кара-Шоро
12. Шахтер
Экинчи лига:
1. Ичке-Суу
2. Бапа-Барскоон
3. Ала-Арча
4. Чүй-Токмок
5. Талас шаары
6. Жети дубан-92
7. Асанбек-Ата
8. Кетмен-Төбө
9. Кара-Ой
10. Сары-Камыш
Белгилей кетсек Экинчи лигага арыздарды кабыл алуу эркин жүрмөкчү. Жаңы куралган командалар Экинчи лига аркылуу гана өйдөңкү баскычтагы лигага чыгууга укук алмакчы.