Келе жаткан жылдын февраль айында Көкбөрү федерациясы эң мыкты айыл өкмөттү аныктоо иретинде Республикалык турнир уюштурат. Буга ар бир облуста жеңип чыккан айыл өкмөттөр Бишкек шаарында мыктылыкты талашышмакчы. Бул тууралуу чечим көкбөрү федерациясынын башкармалыгынын жыйынында жылдык календарды кабыл алуу учурунда белгилүү болду.
Көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиевдин айтуусунда, быйыл кышында “Эң мыкты район” деген наам үчүн турнир уюштурулган. Бул турнирге даярдык үчүн ар бир облустагы жетекчилер өз аймагында турнирлерди уюштуруп, андан соң Бишкекке мыктыларды иргеп алып келген.
Ал эми жаңы жылдан кийин мыкты айыл өкмөттү аныктоодо, облус жетекчилеринен тышкары район жана айылдык деңгээлдеги көкбөрү жетекчилери активдүүлүктү көрсөтөт деген ишеним бар.
Талкуунун соңунда Башкармалыктын мүчөлөрү Республикалык райондор аралык ошондой эле айыл өкмөттөр аралык турнирди эки жылда бир уюштуруп турууну туура деп табышты. Бир жылы райондор аралык, ал эми экинчи жылы айыл өкмөттөр аралык Республикалык турнирди өткөрүү максатка ылайык болот деген чечимге келишти.