Ысык-Көл көкбөрү федерациясына жаңы жетекчи келди.
Аскат Азарбеков Ысык-Көл облусунун көкбөрү федерация жетекчиси болуп дайындалды. Бул чечим 7-январь күнү Ысык-Көл облусундагы көкбөрү жетекчилеринин чогулушунда кабыл алынды. Жыйында облустун учурдагы көкбөрү жетекчиси Фархад Мамбеталиев жылдык отчетун берип, кызматты Аскат Азарбековго өткөрүп берди. Бул жыйынга Республикалык көкбөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев катышып, буйрук чыгарып, жаңы жетекчинин ишине ийгиликтерди каалап, Ысык-Көл облусунун көкбөрүсү ушул жылы жаңы бийиктиктерге жетээрине ишеничин билдирип өттү.
Айта кетсек, Аскат Азарбеков учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратын жетектеп келет. Кызматын тапшырган Фархад Мамбеталиев бул орунда туура бир жыл иш алып барды.