Loading...

2025-жылы көкбөрү оюну боюнча клубдар арасында өтө турган мелдештердин жалпы жобосу иштелип чыкты.

Документке ылайык, 2025-жылы турнирлерге катышуучу Жогорку жана Биринчи лигадагы клубдардын бардыгы мамлекеттик каттоодон өтүүсү абзел. Оюндарга катышууга 18 жаштан жогору гана оюнчуларга уруксат берилет, ал эми командадагы балдар жана аттардын милдеттүү түрдө медициналык жана ветеринардык маалымкаты болушу шарт. 

Нооруз-2025 турнири былтыркы жылдын 9-май кубогунун жыйынтыгынын негизинде уланып, алдыңкы төрт команда төрт башка тайпага бөлүнөт. Тайпалардын жеңүүчүлөрү «А» жана «В», ошондой эле «С» менен «D» жарым финалдын жуптарын аныктайт.

Жогорку лигада 11-12-орунду алган командалар Биринчи лигага түшсө, ал эми Биринчи лигадан 1-2-орунду алган командалар Жогорку лигага өтөт. Ошондой эле Биринчи лигада акыркы эки команда Экинчи лигага түшсө, ал жактан финалисттер өйдөңкү лигага көтөрүлөт.

Эгерде турнир учурунда кайсы бир команда же оюнчулар улуттук курамага чакырылып же эл аралык оюндарга катышууга укук алса, ал команданын ошол лигада квотасы сакталып кала берет.

Жобо менен толук таанышуу үчүн шилтеме аркылуу кириңиз.

2025-02-13 01:02:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер