Көкбөрү федерациясы Нооруз-2025 кубогуна ММК кызматкерлерин жана блогерлерди аккредитациядан каттоону баштады. Турнирди чагылдырууну каалаган спорт журналисттер, оператор жана фотографтар тийиштүү каттоодон өтмөйүнчө турнирди чагылдырууда тоскоолдуктарга ээ болуп калышы мүмкүн.
Турнирди уюштуруу комитети ар бир ММКдан бирден гана журналист жана операторду каттоого алат.
Каттоодон өткөн ММК кызматкерлерине тийиштүү бейджикти алуу үчүн федерациянын сайтында кошумча маалымат берилет.
Каттоо 10-март күнү кечки саат 18:00 чейин уланат. Каттоодон өтүү үчүн шилтемени басыңыз.
Белгилей кетсек, Нооруз-2025 турнири Кожомкул (Военно-Антоновка) айылындагы “Ак-Кула” атайданында, ушул жылдын 12-мартында башталып, 21-март күнү жыйынтыкталат.