Урматтуу көкбөрү күйөрмандары, командалар жана жалпыга маалымат каражаттары, бүгүн 12-мартта “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командасынын оюнунда кырсык коштолуп кеткенине байланыштуу Көкбөрү федерациясы бүгүнкү калган оюндарды токтотуп туруу чечимин кабыл алды.
Бүгүн кечинде Федерациянын башкармалык мүчөлөрү кезексиз жабык жыйынга чогулмакчы. Алдыдагы Нооруз турнири боюнча кошумча маалыматтар жыйындын чечимине байланыштуу берилмет.