Бүгүн “Көк бөрү” Федерациясынын кезексиз чукул жыйыны өтүп, Нооруз турнири учурундагы “Бөрүлү” жана “Бүркүт” командалары ортосундагы оюн талкууга алынып, андагы кырсык коштолгон окуяга токтолушту.
Жыйында Башкы калыс Эржигит Усаровдун айтуусунда, оюн учурунда “Бөрүлү” командасынын капитаны Мирлан Сраждиновго карата эреже бузуу болгондо, оюндун калысы дароо оюнду токтотуп, эреже бузуу одоно деп оюнчуга кызыл кагаз көрсөтүп, оюндан чыгарып, ошол замат медициналык кызматкерлерди чакырган.
Кырсыкка учураган оюнчунун абалы оорлоп баратканын көргөн оюнчулар, медкызматкерлерге жардам берип, оюнчуну медициналык автоунаага чейин көтөрүп барышкан. Оюн көпкө тыныгуу алып, кийинки оюндун убактысы башталгандыктан, “Бөрүлү” – “Бүркүт” командаларынын оюнун башка саатта ойнотуу чечими кабыл алынып, кийинки жуптагы командалар оюн талаасына чакырылган.
Белгилей кетүүчү жагдай, жаракатка учураган Мирлан Сраждиновдун абалы тууралуу медициналык чечим чыгып, оюнчу бул өмүр менен кош айтышкандагы маалымат тастыкталганда, башкы калыс дароо оюнду аны менен турнирди белгисиз мөөнөткө токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.
Көкбөрү Федерациясынын башкармалык мүчөлөрүнүн жыйынында, Федерациянын президенти Рамис Жунусалиев өлүм коштолгон окуя көкбөрү тарыхындагы кара күн болгонун айтып өттү. Ал окуяга байланыштуу КР Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Мирлан Сраждиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктаганга чейин, турнирди токтотуп турууну буйрук кылганын белгилеп өттү. Ошону менен 13-14-март Көкбөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, ал эми Нооруз турнирин 15-март күнү жандантуу чечими Башкармалык мүчөлөрү тарабынан бир добуш менен колдоого алынды.
Мындан тышкары федерациянын беш адамдан турган дисциплинардык комиссиясы катталган факты боюнча учурду талдоого алып, өз чечимин чыгарышмакчы.
Белгилей кетсек, ат оюндары боюнча Нооруз турнири жылыга Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын календарлык планы менен өткөрүлүп, бул турнирде көкбөрү, ат чабыш, эр эңиш жана башка ат оюндарын уюштуруу Республикалык деңгээлде камтыйт. Дирекциянын быйылкы жобосуна ылайык, көкбөрү оюндары 12-мартта башталып, 21-март Нооруз майрамына карата жыйынтыкталмак.
Көкбөрү федерациясы маркум оюнчу Мирлан Сраждиновдун үй-бүлөсүн, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.