Мирлан Сражидинов 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун, Камышановка айылында чарбагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан айрылып, чоң аталары байырлаган Чүй облусунун Бөрүлү айылында эр жетилди. Үч бир тууган, эжекеси жана карындашынын ортончусу.
Ал жаш кезинен баштап ат үстүндө чоңойуп, көк-бөрүгө болгон кызыгуусу балалык чагында эле башталган. Мирлан Сражидиновдун көк-бөрүдө профессионалдык карьерасы өлкөдөгү көк-бөрүнүн башталыш жылдарына туура келет. Алгачкы оюндары 1997-жылы өзүнүн айылына таандык “Бөрүлү” командасында башталган.
Карьерасынын ийгиликтүү жылдары 2000-жылдардан башталып, “Бөрүлү” командасы Республикалык турнирлерде көптөгөн ийгиликтерди багындырууга киришкен. Ошол жылдардан азыркы кезге чейин Мирлан Сражидинов курамында болгон “Бөрүлү” командасы КР Президентинин кубогун беш ирет катары менен уткан команда катары белгилүү.
Мирлан Сражидиновдун Республикалык турнирлердеги жетишкендиктери:
– 2004-жыл - Нооруз турнири 3-орун (Бөрүлү)
– 2004-жыл – КР чемпиондугу 3-орун (Бөрүлү)
− 2005-жыл − КР Президентинин кубогу 2-орун (Бөрүлү)
− 2005-жыл – Улуттук спатакиада 2-орун (Бишкек шаары)
− 2006-жыл − КР Президентинин кубогу 1-орун (Бөрүлү)
– 2006-жыл – КР чемпиондугу 1-орун (Бөрүлү)
− 2007-жыл – Нооруз турнири 2-орун (Бөрүлү)
− 2008-жыл – Нооруз турнири 1-орун (Бөрүлү)
− 2008-жыл − КР Президентинин кубогу 1-орун (Бөрүлү)
− 2009-жыл − Нооруз турнири 1-орун (Бөрүлү)
− 2009-жыл − КР Президентинин кубогу 1-орун (Бөрүлү)
− 2010-жыл − Нооруз турнири 1-орун (Бөрүлү)
− 2010-жыл – КР Президентинин кубогу 1-орун (Бөрүлү)
– 2012-жыл − КР Президентинин кубогу 1-орун (Бөрүлү)
– 2013-жыл – КР Президентинин кубогу 3-орун (Бөрүлү)
– 2014-жыл – 9-май турнири 2-орун (Бөрүлү)
– 2014-жыл – Көчмөндөр оюндары 2-орун (Кыргызстан-2)
– 2023-жыл – Нооруз турнири 2-орун (Четинди машыктыруучу)
-2024-жыл – Жеңиш кубогу 3-орун (Сары-Өзөн, +40)
Мирлан Сражидинов 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан курама командасынын катарына кирген. Көк-бөрүчүдөн тышары машыктыруучулук кызматты аркалап, 2016-жылы 2-Дүйнөлүк Көчмөдөр Оюндарында Америка Кошмо Штаттарынын көк-бөрү курама командасына машыктуруучу болгон. АКШлык көк-бөрүчүлөрдү тарбиялоодо, улуттук спортту Америкада даңазалоого салымы зор болуп, 2016-2024-жылдары АКШнын туруктуу машыктыруучусу катары милдетти аркалады.
Өлкөдөгү жаш көк-бөрүчүлөрдү тарбиялоодо Мирлан Сражидинов 2022-жылы “Көк-бөрү мектебинде”, 2023-жылы “Четинди” ошондой эле Орусия федерациясынын Башкортостан командасында машыктыруучулук кызматты көрсөттү.
Сражидинов Мирлан Базаркулович мыкты көк-бөрүчү гана болбостон, үй-бүлөдө үлгүлүү ата болуп, эки уул, бир кызды тарбиялап келген.
Мирлан Сражидинов Кыргызстанда “жекеме-жеке” спортун ойлоп табуучуларынын бири. Анын демилгеси менен 2019-жылы биринчи жолу “жекеме-жеке” спорту уюштурулуп, көк-бөрү жана ат ышкыбоздордун өзгөчө алкышына татыды. Ошол эле жылы экинчи ирет “жекеме-жеке” оюнун уюштуруп, спорттун бул түрү жаңы оюнчуларды жана аттарды өлкөгө тааныштырууга зор салымын кошо алды.
2023-жылы Мирлан Сражидинов “жекеме-жеке” спортун Көк-бөрү федерациянын карамагына киргизип, бүгүнкү күндө бул спорт өз күйөрмандарын топтой алган спортко айланды.
Соңку жылдары Сражидинов ардагерлердин арасында оюн көрсөтүп, 40 жаштан жогоркулар менен ийгиликтүү орундарды багындырды.
Көк-бөрүдө оюндарын баалап, Көк-бөрү федерациясы уюштурган Республикалык турнирлерде бир нече жолу мыкты оюнчу наамына татып, Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамынын ээси.
Кыргыз Республикасынын Көк-бөрү федерациясы Мирлан Сражидиновдун бул дүйнө менен кош айтышуусун оор жоготуу катары кабыл алып, үй-бүлөсүнө, жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Сражидинов Мирлан Базаркуловичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 14-март күнү, саат 10:00до Сокулук районунун, Төш-Булак айылында өтөт.