Көк-бөрүчүлөр маркум Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултууда.
Атайын ачылган эсепке бир сутка ичинде 1 млн сомдун тегеринде каражат топтолду.
Айрымдары мал-мүлк менен салым кошушууда. Азырынча үч ат кошумча катары берилди.
Чогулган каражатка маркум улакчы жаңы баштаган үйүн толук бүтүрүп берүүнү максат кылышты.
Каражаттарды “Ынтымак” командасынын жетекчиси Адилет Назаровдун мбанк эсебине которушууда.
Сиз дагы жардам көрсөтүү иш-чарасына кошулуңуз. Мбанк номер 705929201 Адилет Н.
Катарга кошулуңуз, “Бириксек колдон келет!”