Loading...

Спорт департамент: көк-бөрү токтобойт!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамагенттик) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарынын Көк бөрү оюнунуна тыюу салуу боюнча маалымдайт. Үстүбүздөгү жылдын март айында 2025-жылы Нооруз майрамын белгилөө үчүн, пландаштырылган Көк бөрү оюну боюнча салттуу иш-чараны убактылуу токтотуу чечими кабыл алынганын Мамагенттик билдирип, Көк бөрү оюнуна толугу менен тыюу салынган эместигин баса белгилейт.

Мамагенттик Көк бөрү оюну кыргыз эли үчүн, маданияты жана каада-салттары үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөт, бирок спортчулардын ден соолугу жана коопсуздугу көбүрөөк маанилүү деп эсептейт. Мамагенттик кабыл алынган чечимге түшүнүү менен мамиле кылууну жана бардык катышуучулардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган чараларды колдоону өтүнөт.

Жакынкы арада Мамагенттик Көк бөрү федерациясы менен биргеликте кызматташуу келишимине кол коюу маселесин иштеп чыгат, анда жоопкерчилик тууралуу нормалар так жазылат. Мындан тышкары Көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландаштырылууда.

2025-04-03 14:20:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер