Loading...

Көк-бөрү боюнча көрсөтмө оюн өттү

Президент Садыр Жапаров менен Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовго Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары тартууланды.

Бүгүн Чолпон-Ата ипподромунда Көкбөрү федерациясы алдыңкы командалардын оюнчулары менен көрсөтмө оюн өткөрдү. Бул оюнга чет өлкөдөн келген жогорку даражалуу адамдар, аны менен чогу Кыргызстандагы жогорку бийлик өкүлдөрү күбө болушту.

Көрсөтмө оюн жаңы эрежелердин коштоосунда болуп, оюнду көргөн коноктор көк бөрү спортуна жакшы бааларын берди.

2025-04-23 14:25:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер