Loading...

Көк-бөрү федерациясы бийликке кайрылуу жолдоду

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич Көк-Бөрү федерациясынын жалпы жамааты сиздерге ачык кайрылууга аргасыз. Нооруз турниринде болуп кеткен кырсыктан бери бүтүндөй өлкөбүздө көк-бөрү оюнуна тыюу салынып, аны менен чогу экинчи ири Республикалык оюндарыбыз да болбой калуу алдында турат.

Бул аралыкта көк-бөрүдөгү өлкө боюнча 80ден ашык команда жана жүздөгөн күйөрмандар сүйүктүү спортун көрө албай, сүйгөн командаларын кубаттоого жол жабылып калганына зээнибиз кейип турат.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, Көк-Бөрү федерациясы жана кыргыз көк-бөрүчүлөрү бийликтин азыркы саясатын толугу менен колдоого алабыз, ошол эле учурда улуттук спортубузга да сиздердин көмөгүңүздөр керек экендигин белгилеп кетмекчибиз.

Биздин ачык кайрылуубуз өз дарегине жетерине ишенүү менен сиздер тараптан дагы көк-бөрүгө ийкемдүү сунуштар болуп, биргеликте ата-бабабыздан бери келе жаткан улуттук спортубузду биргеликте жаңы деңгээлге алып чыгарыбызга ишенбиз!

Терең урматтоо менен кыргыз көк-бөрүчүлөр жамааты.

2025-04-26 14:28:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер