Кыргызстандын көк-бөрү федерациясынын өкүлдөрү Кытай эл Республикасына иш сапары менен келди.
2025-жылдын 15-май күнү Кыргызстандын көк-бөрү федерациясынын өкүлдөрү Кытай эл Республикасына иш сапары менен келди. Көк-бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев баштаган 6 адамдан турган делегациянын Кытайдын Синьцзян районунун улак федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Алдыңкы күндөрдө кыргыз өкүлдөрү кытайлык кесиптештери менен көк-бөрүнү эки тараптуу өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюушу күтүлүүдө.
Ошондой эле Кыргызстандан барган өкүлдөр Синцзяндагы жергиликтүү эл менен жолугуп, мындан башка аймакта ойнолуп келген гардэ улак оюнуна күбө болушмакчы.