Кыргызстандын Көк-бөрү федерация өкүлдөрүнүн Кытай Эл Республикасындагы иш сапарынын алкагында, бүгүн Синцзян районунун Чжаосу уездинде расмий өкүлдөрдүн жолугшуулары болуп өттү. Эки тараптын жолугушууларында Кыргызстандын көк-бөрү жана Кытайдын гардэ спортун биргеликте өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушууда кыргыз тарап көк-бөрү спорту тууралуу Кытай тарапка кеңири маалымат берип, ошол эле учурда кыргыз өкүлдөрү көк-бөрүгө окшоштугу бар гардэ спорту боюнча маалымат алышты.
Жыйында Көк-бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев, Кыргызстан өз тарабынан Кытайдын ат спортун өнүктүрүүгө бардык жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, ошол эле учурда көк-бөрүдөн оюнчулардын коопсуздугун сактоо үчүн атайын чопкут, коргоочу элементтер керек экендигин айтып, маселени чечүүдө Кытай тарапты көмөккө чакырды.
Ошондой эле кыргыз тарап 2026-жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрө турганын айтып, бул мелдеште татыктуу атаандаш көрсөтүү үчүн Кытайдын курама командасы азыртан даярдык көрүшү керектигин билдирип өттү.
Ал эми Кытайдын улак башкармалыгынын башкы катчысы Юэ Цян, Кытайдын Көчмөндөр оюндарына катышууга ниети күч гана болбостон, андан кийинки оюндардын өткөрүү кезегин алууга ниети бар экендигин билдирди. Юэ Цян ушул жылдын июль айында Кытайда ири эл аралык ат үстүндө жарыш боло турганын, бул жарышка Кыргызстандын көк-бөрү боюнча командасын чакырып өттү.
Бул сунушту кабыл алган кыргыз тарап, жарыштын жүрүшүндө тайказанга көк-бөрүнү көрсөтмө оюн иретинде өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчүн киргизди.
Тараптар көп маселе боюнча орток пикирге келишкен соң, эки өлкөнүн федерацияларын колдоо, биргеликте өнүктүрүү жана спорт иш чараларын өткөрүп туруу максатында эки тараптуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.