Loading...

Манас Ниязов: Кытайда менин күйөрмандарым бар экенин билген эмесмин

Кыргызстандын көк-бөрү федерациясынын Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барган делегациянын курамындагы, кыргызстандык оюнчу Манас Ниязов менен Кытайда көптөгөн күйөрмандар жолугушууга келишти. Ал ар бир жолугушууда ондогон күйөрмандарды көрүп, толкунданганын жашырган жок. Бул тууралуу Манас Ниязов кытайлык блогерлерге берген интервьсунда айтты.

-        Мен Кытайга келгенимде бул өлкөдө көк-бөрү спорту тууралуу түшүнүк деле жок болсо керек деп ойлогом. Бирок, Кытайда биздин көк-бөрүгө абдан кызыгышат экен. Мени таанышып, жолугуп, сүрөткө түшөм деген элдин саны көп болду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мени менен жолугушууга келип, сүрөткө түшүү шартына ээ боло албай калгандардан кечирим сурамакчымын. Элдердин көптүгүнөн жана программанын кыскалыгынан колдон келишинче күйөрмандарга да убакыт бөлгөнгө аракет кылдым, бирок бардык элдин суроо талабын аткара албай калдым.

Манас Ниязов Кытайдагы иш сапардын жүрүшүндө Синцзянь районундагы Чжасу уэздине жана Ак-Чий айылындагы музейге өзүнүн Улуттук курама командага кийген формасын жана камчы, тебетейин белек катары тапшырды. Ошондой эле Кытайдын улак федерациясындагы жооптуу адамдарга жана күйөрмандарга да өз белектерин ыйгарып, күйөрмандар менен жолугушууда көптөгөн кол тамгасын калтырганга жетишти. Ниязовдун Кытай Эл Республикасына сапары ушул жылдын июль айында болушу мүмкүн. Эки өлкөнүн федерациясы бир жыйынтыкка келишсе, Манас Ниязов баштаган Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасы келаткан ирет оюнчу катарында барышмакчы.

2025-05-23 14:51:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер