Loading...

Көк-бөрү аттары милдеттүү түрдө чип менен белгиленет.

Келе жаткан жылдан тарта көк-бөрү турнирине катышуучу аттар электрондук чип менен белгиленет. Мындай тапшырма көк-бөрү федерациясынын 18-сентябрь күндөгү кезектеги башкармалык мүчөлөрүнүн жыйынында федерация президенти Рамис Жунусалиев тарабынан милдеттендирилди. Анын айтуусунда, ушул убакытка чейин расмий оюнга катышып жаткан аттар сүрөттөрү жана өң түсү менен каттого алынып келсе, учурда электрондук каттого ала турган учур келди.

-        Биз мына Көчмөндөр оюндарында Астанага баратып аттарды чиптедик, андан тышкары Кытайдагы көрсөтмө оюнда дагы катышуучу командадагы аттар чиптелгенине күбө болдук. Биз дагы заман талабы менен стандарттарга өтүшүбүз керек, - деди Жунусалиев.

Федерация президенти ошондой эле оюнчуларды медициналык кароодон өткөрүү үчүн атайын медициналык жайлар менен сүйлөшүү жүрөрүн кошумчалады.

-        Азыркы учурда турнирге катышып жаткан командалардын оюнчулары ар кайсы бейтапканага барып, медкароодон өткөндүгү тууралуу кагаздарды алып келип жатышат. Бирок, бул кадамдарды ирээттештирип, бардык улакчылар бир медициналык жайдан ден соолугу тууралуу маалымкат алып келүүгө милдеттендирүү керек, - деди ал.

Жыйынтыгында башкармалык мүчөлөрүнүн катышуучулары Рамис Жунусалиевдин демилгесин жөндүү деп табышып, алгач аттарды чиптен өткөрүүнү милдеттүү кылуу зарыл дегенге токтолушту.

2025-09-18 17:54:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер