Loading...

Жунусалиев: жаңы эрежелер өз жемишин берди

18-сентябрь күнү Көк-бөрү федерациясынын башкармалык мүчөлөрүнүн кезектеги жыйыны өтүп, катышуучулар бир нече актуалдуу маселерди кароого алышты. Алардын арасында соңку болуп өткөн Эгемендүүлүк кубогунун жыйынтыгын чыгарышып, жаңы эрежелердин ишке киргизилгенден кийинки натыйжаларды талкууга алышты. 

Катышуучулар эрежени катаалдаштыруу оң жыйынтыктарын бергенин, оюн талаасындагы командалар арасында түшүнбөстүк жана чыр чатактарга бөгөт коюлгандыгына күбө болгонун айтышты.

Федерация президенти Рамис Жунусалиев жаңы эрежелерди жер жерлерде активдүү киргизүү керектигин айтып, алдыда боло турчу КР чемпионатында эрежени кеңирүү жайылтуу зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле жыйында 2026-жылы Кыргызстанда өтө турчу 6-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын форматтары тууралуу пикир алмашуулар болуп, көк-бөрү федерациясы оюндарды кандай тартипте өткөрүү керектиги тууралуу ДКО катчылыгына өз сунуштарын жолдомой болушту.

2025-09-18 18:00:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер