Кыргыз Республикасынын көк-бөрү боюнча облустар аралык чемпионаты 14-18-октябрь күндөрү Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтөт. Бул тууралуу 18-сентябрда көк-бөрү федерациясынын баш кеңсесинде өткөн башкармалык мүчөлөрүнүн жыйында чечим кабыл алынды.
Федерация президенти Рамис Жунусалиев, чемпионатты өткөрүү үчүн Нарын облустук федерациясына уюштуруу иштери кынтыксыз болушу керектиги тууралуу тапшырмаларды берип, командалардын жана аттардын жайгашуусуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле ипподромдун жер кыртышын стандартка ылайык келтирүү тапшырмасы өзгөчө белгиленди.
Өз кезегинде Нарын облусунун көк-бөрү федерациясынын президенти Руслан Өмүралиев, чемпионатты жогору деңгээлде өткөрүп берүү үчүн Нарын облусунда учурда даярдык иштери башталганын, коюлуп жаткан тапшырмалар өз мөөнөтүндө аткарылып бүтөрүн белгилеп өттү. Ошондой эле Өмүралиев жалпы кыргызстандыктарды Нарын облусунда боло турчу көк-бөрү майрамына чакырып өттү.
Белгилей кетсек 14-18-октябрь күндөрү Нарын облусунун Ат-Башы районунда өтө турчу КР чемпионатына учурда алты команда катышуу ниетин билдирген. Алар: Талас, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облусунун курама командалары.