Loading...

КР жаштар чемпионаты Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын көк-бөрү боюнча жаштар чемпионаты Талас облусунун Талас шаарында өтөт. Башкармалык кеңешинин чечимине ылайык, чемпионатты өткөрүү мөөнөтү 28-октябрда башталып 1-ноябрда жыйынтыкталат. 

Талас федерациясынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров, жаштардын биринчилигин өткөрүү көк-бөрү спортун өнүктүрүүгө өтө зарыл мелдеш экендигин белгилеп, Талас облусу катышуучу командаларды жогорку деңгээлде тосуп алууга даяр экендигин айтып өттү.

Башкармалыктын чечимине ылайык, жаштар чемпионаты облустук форматта болуп, ага ар бир облустан бирден команда катышууга укук берилет. Ошондой эле командадагы катышуучулардын жаш курагы 18 жаштан жогору болуп, 22 жаштан ашпашы керек.

Федерация президенти Рамис Жунусалиев, атайын жумушчу топко тез арада оюндардын жобосун иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берип, ар бир облус жетекчилерине тааныштырылышы керектигин токтолду.

Белгилей кетсек, КР жаштар чемпионаты акыркы жолу 2022-жылы өткөн.

2025-09-18 18:09:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер