Loading...

Улан Айдаров көк-бөрү федерациясынын Башкы катчысы болуп дайындалды

Айдаров Улан Жакыпбек уулу көк-бөрү федерациясынын Башкы катчысы болуп дайындалганы тууралуу буйрук менен федерация президенти Рамис Жунусалиев башкармалык мүчөлөрүнүн жыйынында тааныштырды. Ал Улан Айдаров өз ишине так экендигин, ошондой эле көк-бөрүнүн өнүгүшүнө буга чейин салып кошуп келгендигинен улам ушундай чечимге токтолгонун кабарлады.

Айдаров Улан Жакыпбек уулу 1980-жылы 9-апрелде Бишкек шаарында туулган. Эки жогорку билимдүү, ошондой эле Кытай, Орусия, Индия, АКШ, Германия, Сингапур, Малайзия жана Грузия өлкөлөрүндө телекоммуникация багытында тажрыйба топтоп келген.

2018-2021 жылдар аралыганда Талас облусунун Көк бөрү федерациясына салым кошуп келген.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Рамис Жайлымышев ээлеп келген, 30-август күнү Жайлымышев федерациянын вице-президенти болуп шайлангандан кийин, Башкы катчылык орун ваканттык болуп келди.

2025-09-18 18:12:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер