Нарын облусунда 14-18-октябрь аралыгы көк бөрү боюнча облустар аралык Республикалык чемпиондук болуп өттү. Ага Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынан түзүлүп келген курама командалар катышты. А тайпасында Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй командалары орун алса, В тайпасында Нарын, Ош, Талас облустарынын командалары орун алды. Атаандаштарын илгиртпей жеңип финалга Талас жана Чүй командалары чыкса, 3-орун үчүн Нарын - Ысык-Көл облустары ат салышты. 6:1 эсебинде 3-орунду Нарын облусу ээледи. Муну менен Нарын облусу облустар аралык Республикалык чемпиондукта алгач ирет 3-орунду камсыздашты. Ал эми финалдык беттеш Чүй - Талас облустарынын командалары арасында кызуу жүрдү. 10-4 эсеби менен Талас облусу жеңишке жетишип, чемпион аталышты. Муну менен Талас облусу бул титулду 2 ирет катары менен өз куржунуна салып отурат.
Турнирдин мыктылары төмөнкүлөр аталышты:
Мыкты коргоочу - Эрлан Төлөбеков
Мыкты чабуулчу - Дастан Русланов
Мыкты жаш оюнчу - Айдаркан Анарбеков
Мыкты коргоочу - Назар Кошумбаев