Бүгүн көкбөрү федерациясынын башкармалык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, катышуучулар 2026-жылга карата календарлык планды талкууга алышты. Жыйында ушул жылдын февраль айында Респуликалык райондор аралык оюндарды өткөрүү тууралуу маселе каралды. Катышуучулар бул турнир Нооруз турниринин алдында болгондуктан, алдыңкы аттарды Нооруз турнирине даярдоого аз убакыт болуп калаарын жүйө келтиришип, Райондор аралык турнирди башка мөөнөткө жылдырууну бир добуш менен колдошту. Натыйжада 2026-жылдын Республикалык мелдеши Нооруз турниринен башталмай болду.
Ал эми Нооруз туринири быйыл үч лиганын (Жогорку, Биринчи жана Экинчи лигалар) алкагында өткөрүү боюнча маселе көпчүлүк добуш менен колдоого ээ болду. Белгилей кетсек 2026-жылдын Нооруз турнири Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтмөкчү. Ошондой эле бул турнир Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын сунуштамасы менен Түштүк лигасынын клубдары үчүн Ош шаарында дагы уюштурулат.