Loading...

Чолпон-Атада "Нооруз-2026" көк бөрү мелдеши башталды

Бүгүн, 15-март күнү Чолпон-Ата шаарында улуттук Көк бөрү спорту боюнча Нооруз майрамына арналган ири мелдеш расмий түрдө башталды.

Турнирге жалпысынан 24 команда катышып, учурда Жогорку жана Биринчи лиганын тайпалык оюндары өтүп жатат. Командалар тайпаларда күч сынашып, кийинки баскычка чыгуу үчүн ат салышууда.

Турнир 21-мартка чейин уланып, финалдык оюндар дал ушул күнү орун алат. Бул аралыкта күйөрмандар көк бөрүнүн курч жана кызыктуу беттештерине күбө болушат. 

Мелдеш Нооруз майрамына карата уюштурулуп, улуттук спортту өнүктүрүү жана күйөрмандарга кызыктуу оюндарды тартуулоо максатын көздөйт.

2026-03-15 11:15:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер