Loading...

Нооруз-2026: Биринчи лиганын жарым финалчылары аныкталды

Бүгүн, 15-март күнү Нооруз майрамына арналган мелдеште биринчи лиганын тайпалык жыйынтыктоочу оюндары болуп өттү. Анда А тайпасындагы "Эрнамыс" командасы "Учкунду" 8-3 эсебинде жеңсе, В тайпасындагы "Көл-Төр" командасы 4:3 эсебинде "Бакайырды" жеңип жарым финалга чыгышты. Ал эми С тайпасындагы "Бийиктик" командасы "Соң-Көл" командасын 5:1 эсебинде утуп алса, D тайпасындагы "Арашан Биримдик"  "Кегетини" 11-2 эсебинде жеңип жарым финалды көздө ишенимдүү сапар алышты. 18-март күнү жарым финалдык оюндар орун алат.

Мелдештер Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттүүдө. Оюндар 21-мартка чейин созулат. 

2026-03-17 14:03:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер