Loading...

Нооруз-2026: Жогорку лиганын жарым финалчылары аныкталды

Чолпон-Ата шаарында Нооруз майрамына арналган улуттук көк бөрү боюнча ири мелдеш өтүүдө. Бүгүн, 17-март Жогорку лиганын тайпадагы чечүүчү оюндары өтүп, жарым финалчылар аныкталды. А тайпасынан "Намыс" командасы 8-3 эсебинде "Сары-Өзөндү" жеңип жарым финалга жол алды. В тайпасында "Достук" менен "Мурас" командасы кез келип, 8-4 эсебинде "Достук" жеңишти камсыздады. С тайпасынан "Шахтёр" 7-1 эсебинде "Жылуу-Булак" командасын жеңип алса, D тайпасынан "Ынтымак" командасы 10-2 эсебинде "Ичке-Сууну" жеңип жарым финалга ишенимдүү сапар алышты. Оюндар 21-мартка чейин созулат. 
Оюндарды түз эфирден УТРК Спорт каналынан жана УТРКнын YouTube баракчасынан көрө аласыздар.

2026-03-17 18:45:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер