Loading...

Нооруз-2026: "Достук", "Мурас" командалары турнирден четтетилди

Нооруз майрамына карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан турнирде өзгөрүүлөр орун алды. 17-март күнү оюн учурунда командалардын ортосунда орун алган пикир келишпестикке байланыштуу «Достук» жана «Мурас» командалары видео материалдарды карап чыгуунун негизинде Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын сунуштамасы менен турнирдин эрежелерине ылайык тартип комиссиясы командаларды Нооруз турниринен четтетүү тууралуу чечим кабыл алды. Командалар буга чейин дагы бир нече эскертүүлөрдү алган. Бул мындан ары бардык командаларга сабак болушу шарт. Оюн учурунда тартип бузган командаларга катуу чара көрүлөт.

Мындан улам тайпада өзгөрүүлөр болуп, кийинки оюндарга «Алтын Альянс» командасы катышат. Команда буга чейин Талас облусуна чыгып кеткенине карабастан, Ысык-Көл облусуна жол тартканы маалымдалды.

19-март күнү өтө турган оюндар:

  1. 15:00 «Ынтымак» — «Шахтер»

  2. 17:00 «Намыс» — «Алтын Альянс»

 

2026-03-19 00:01:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер