Бүгүн, 19-март күнү Нооруз турнири Жогорку лиганын жарым финалдык оюндары менен уланды. Алгач "Ынтымак" менен "Шахтёр" командалары кез келип, 6-2 эсеби менен "Ынтымак" командасы жеңишти камсыздап финалга чыкты. Андан соң "Намыс" командасы "Алтын-Альянс" менен беттешип, 10-2 эсеби менен "Намыс" командасы атаандашын утуп финалга жол алды.
Белгилей кетсек, 17-март күнү оюн учурунда командалардын ортосунда орун алган пикир келишпестикке байланыштуу «Достук» жана «Мурас» командалары видео материалдарды карап чыгуунун негизинде Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын сунуштамасы менен турнирдин эрежелерине ылайык тартип комиссиясы командаларды Нооруз турниринен четтетүү тууралуу чечим кабыл алганы маалым болгон.