Loading...

"Бийиктик" командасы чемпион болду

Бүгүн, 20-март күнү Чолпон-Атада Нооруз турнирине карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште Биринчи лиганын финалдык оюндары орун алды. Алгач 3-орун үчүн "Арашан Биримдик" жана "Эрнамыс" командалары кез келип, 11-3 эсебинде "Арашан Биримдик" командасы жеңишке жетишип, 3-орунду камсыздады. 

Финалдык оюнда мелдештин кубогу үчүн "Бийиктик" жана "Көл-Төр" командалары беттешти. "Бийиктик" командасы 6-2 эсеби менен атаандашын ишенимдүү жеңип Нооруз турниринин чемпиону аталды. 

Турнирдин мыктылары:

Мыкты оюнчу - Төрөбек уулу Полотбек

Мыкты жаш оюнчу - Тынычбек Алмазбек уулу

Мыкты аргымак - Буйрук

Мыкты чабуулчу - Бакытбек уулу Кутман

Мыкты коргоочу - Дөөлөтбек Нурманбетов

 

2026-03-20 18:36:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер