Бүгүн, 21-мартта көк бөрү боюнча Нооруз-2026 турниринин алкагында Жогорку лиганын финалдык оюндары орун алды. Алгач "Шахтёр" жана "Алтын-Альянс" командалары кез келип 3-2 эсебинде "Шахтёр" командасы жеңишке жетип, коло медалдын ээси болду.
Финалда "Ынтымак" жана "Намыс" командалары кез келди. Алгачкы салымды "Намыс" командасынын оюнчусу Мирбек Муташев ачып берди. Муташевдин бул салымы командага дем берип, команда оюндун 3-бөлүмүнүн 10-мүнөтүнө чейин 3-1 эсебинде "Намыс" командасы үсөмдүк кылып турду. Акыркы мүнөттөр орун алып жатканда Байтегин Оморбеков жана Өмүрбек Эсен уулу аттандашына удаа салым салып эсеп санын теңеп кетти. Натыйжада жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча 10 мүнөт убакыт берилди. Чечүүчү учурда Мирбек Муташев өзүнүн «Краз» аргымагы менен тайказанга так салым салып, «Намыс» командасына тарыхый жеңиш алып келди. Муну менен "Намыс" алгачкы ирет чемпиондук титулдун ээси болду.
Турнирдин жыйынтыгында мыктылар да аныкталды:
Нооруз–2026 турнири улуттук көк бөрү спортунун деңгээлин дагы бир ирет көрсөтүп, күйөрмандарга кызыктуу жана курч беттештерди тартуулады.