Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандап алуу турниринин жарым финалчылары белгилүү болду.
Жогорку лигада тайпалык баскычтын жыйынтыгында күчтүү оюн көрсөткөн төмөнкү командалар жарым финалга жолдомо алышты:
Достук
Ынтымак
Намыс
Сары-Өзөн
Ал эми биринчи лигада Мурас командасы Суусамыр менен кез келет. Талас тайпасында жалгыз атаандашы Бакайырды жеңип түш финалга жол алды. Жарым финалда командалар финалга чыгуу үчүн болгон күчүн жумшап, көк бөрү сүйүүчүлөрүн дагы бир ирет курч таймаштар күтүп турат. Финал 23-май күнү орун алат, анын жыйынтыгында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына талапкерлер да аныкталат.
2026-05-20 17:33:00
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.