Бүгүн, 21-май Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандап алуу турниринин жарым финалдык оюндары болуп өттү. Биринчи лигада А тайпасынан Мурас В тайпасынан Талас командалары финалга чыкты. Ал эми Жаңы-Муун - Бакайыр командалары 3-орун үчүн беттешет.
Жогорку лигада А тайпасынан Достук - Ынтымак командалары кез келип, оюндун негизги бөлүгү тең чыгуу менен аяктады. Кошумча мүнөттө Эдилжан Токтогул уулунун өткөрүп берүүсүн Өмүрбек Эсен уулу салымга ашырып 5-4 эсебинде Ынтымак командасы финалга чыкты. Ал эми В тайпасынан Намыс - Сары-Өзөн командалары кез келип 5-1 эсеби менен Намыс командасы жеңишти камсыздап финалга жол алды.