Loading...

Жеңиш кубогу: Ынтымак чемпион аталды

23-май күнү Талас шаарындагы Райкан Алканов ат майданында көк бөрү боюнча “Жеңиш кубогу” жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандап алуу турнири жыйынтыкталды. 19-23-май күндөрү өткөн мелдешке жогорку жана биринчи лигада жалпы 11 команда катышып, күйөрмандарга курч жана кызыктуу оюндарды тартуулады.

Жогорку лиганын финалында Ынтымак менен Намыс командалары беттешип, жогорку темпте өткөн оюнда Ынтымак 4:2 эсебинде жеңишке жетип, турнирдин чемпиону аталды. Үчүнчү орун үчүн беттеште Достук - Сары-Өзөндү 4:1 эсебинде утуп жеңишти камсыз кылса, бешинчи орун үчүн беттеште Шахтёр Бийиктикти 3:2 эсебинде жеңип Жогорку лигадагы ордун сактап калды. Ал эми Бийиктик Биринчи лигага түштү. 

Жогорку лига жыйынтыгы:

  • 1-орун — Ынтымак

  • 2-орун — Намыс

  • 3-орун — Достук

  • 4-орун — Сары-Өзөн

Ал эми Биринчи лиганын финалында Мурас командасы Таласты 8:0 эсебинде утуп, чемпион болду. Муну менен Мурас командасы Жогорку лигага сапар алды. Үчүнчү орун Бакайырга буюрду.

Биринчи лига жыйынтыгы:

  • 1-орун — Мурас

  • 2-орун — Талас

  • 3-орун — Бакайыр

  • 4-орун — Жаңы-Муун

Бул ирет турнирдин байге фонду дагы да жогорулап, жеңүүчүлөргө акчалай байгелер тапшырылды.

Жогорку лига байгелери:

  • 1-орун — 1 500 000 сом

  • 2-орун — 750 000 сом

  • 3-орун — 350 000 сом

  • 4-орун — 175 000 сом

Биринчи лига байгелери:

  • 1-орун — 500 000 сом

  • 2-орун — 300 000 сом

  • 3-орун — 100 000 сом

Жогорку лиганын мыктылары:

  • “Мыкты оюнчу” — Эсен уулу Өмүрбек (Ынтымак)

  • “Мыкты чабуулчу” — Амангелди Эсенгелдиев

  • “Мыкты коргоочу” — Таштемир Майлыбашев

  • “Мыкты калыс” — Марлис Койгелдиев

  • “Эң мыкты жаш оюнчу” — Мирлан уулу Батырхан

  • “Мыкты аргымак” — Фаворит (Намыс)

Биринчи лиганын мыктылары:

  • “Мыкты оюнчу” — Руслан уулу Жакшылык (Бакайыр)

  • “Мыкты чабуулчу” — Назар Кошунбаев (Мурас)

  • “Мыкты коргоочу” — Нурлан Тургунов (Жаңы-Муун)

  • “Мыкты аргымак” — Төөкашка (Талас)

 

2026-05-23 22:04:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер