Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча тайпалык мелдештер старт алды.
Көк бөрү боюнча мелдештин алгачкы күнүндө жалпы үч оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
Орусия — 9:3 — Өзбекстан
Кыргызстан — 15:7 — АКШ
Тажикстан — 22:4 — Венгрия
Оюндун жыйынтыгы боюнча Орусия, Кыргызстан жана Тажикстан курамалары жеңишке жетишти.
Ошондой эле бүгүн көкпар боюнча тайпалык мелдештердин алгачкы оюндары өттү.
Бул күнү жалпы үч оюн өткөрүлүп, жыйынтыктар төмөнкүдөй болду:
Кыргызстан — 12:1 — Монголия
Орусия — 11:1 — Венгрия
Өзбекстан — 4:1 — Афганистан
Жыйынтыгында Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишти.
Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү жана көкпар боюнча тайпалык мелдештер кызуу башталды.