Loading...

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк-бөрү жана жер улак боюнча финалчылар аныкталды

Чолпон-Атада өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү жана жер улак боюнча финалга чыккан командалар аныкталды.

Көк-бөрү боюнча финалда Кыргызстан менен Казакстандын курамалары кез келет. Ал эми 3-орун үчүн Орусия жана Тажикстан командалары беттешет.

Жер улак боюнча финалда да Кыргызстан менен Казакстандын курамалары күч сынашат. 3-орун үчүн Өзбекстан жана Орусия командалары беттешет.

Көк-бөрү жана жер улак боюнча 3-орун үчүн оюндар 5-сентябрда, ал эми финалдык беттештер 6-сентябрда өтөт.

2026-09-04 07:25:00
Комментарийлер (0)

Биздин партнерлер