Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталды.
Көк бөрү боюнча финалда Кыргызстан менен Казакстандын курамалары күч сынашты. Көк бөрү аренасында өткөн чечүүчү беттеште Кыргызстандын курамасы Казакстанды 12:0 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду. Казакстан күмүш медаль алды.
Көкпар боюнча финалда да Кыргызстан менен Казакстан кез келип, кыргызстандык көкпарчылар 7:2 эсебинде жеңишке жетишти. Жыйынтыгында Кыргызстан көкпар боюнча да VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. Казакстан күмүш медалга ээ болду.
Ал эми эки мелдеште тең Орусиянын курамасы 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды. Көкпар боюнча Орусия 3-орун үчүн беттеште Өзбекстанды 5:4 эсебинде жеңген.
Ошентип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан көк бөрү жана көкпар боюнча кош чемпиондукка жетишти.